• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

ИИМдин Республикалык окуу борборунда мамлекеттик тил күнүнө карата тегерек стол өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. ИИМдин Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгондугунун урматына “Ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Министрликтен билдиришкендей, 23-сентябрда билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Майрамды утурлай мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.

ИИМдин Республикалык окуу борборунда Мамлекеттик тил күнүнө карата уюшулган тегерек столго Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү тобунун жетекчиси Айбек Орозакунов, Бажы кызматынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Г.Тойалиева,Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин котормо бөлүмүнүн улук адиси Э.Шоруков, ИИМдин Академиясынын өкүлү Э.Нурдинова, Коргоо министрлигинин өкүлү Т.Окушева жана ар кайсы тармактын өкүлдөрү катышты.

“Катышуучулар тил маселесине байланышкан баяндамалар, талкуулар менен бөлүшүп, ой толгоолорун ортого салышты. Мындай иш-чаранын окуу борбордо уюштурулушу мамлекетибизде тил маселесине байланышкан жетишкендиктерди, ошону менен бирге көйгөйлүү маселелерди жарыкка чыгаруу, жандандыруу болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий