• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулады

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полку балдарга жаңы жылдык маанай тартуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү тартипти, жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери өз милдеттерин кынтыксыз аткаруу менен бирге ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, кайрымдуулук иштерин да көргөзүп келет.

"Бүгүн дагы ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, тарбиялануучуларына кийимдерди, белектерди, зарыл болгон керектүү буюмдарды тапшырышты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле полктун кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт уюштурулуп, балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты.

Полктун командиринин орун басары, штаб-башчысы Н.Камчиев өз сѳзүндѳ балдарды жана жалпы балдар мекемесинин жааматын келе жаткан Жаңы жылы менен жылуу куттуктап, ар бир балага ден-соолук тилеп, мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Андан соң полктун кызматкерлери балдар үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концертке күбѳ болушту. Аталган мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелген 209 бала жашайт.

Өз кезегинде аталган интернаттын жетекчилиги ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана жана өздүк курамына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Андан сырткары, полктун кызматкерлери Аяз атанын коштоосунда мамлекетибиздин бейпилдиги үчүн кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өз өмүрлөрүн аябай кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин балдарын Жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырып келишти.

Ушундай эле жардам ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жер-жерлердеги бөлүктөрүндө да көрсөтүлүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий