Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Июнь айынан тарта «Ташкент-Балыкчы» поезд каттамы ачылат. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган поезд каттамы Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.
Каттамдардын убактысы:
Алгачкы курам 2019-жылдын 6-июнунда Ташкент шаарынан саат 20:50дө чыгып (Ташкент убактысы боюнча), 7-июнда саат 19:03тө Бишкек шаарына келет (жергиликтүү убакыт боюнча).
Ал эми 8-июндан тартып ар ишемби күнү саат 04:59да Балыкчыдан кайра жөнөп, 9-июндан тартып, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына саат 5:00дө келет.
Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.
Билеттер сатыла баштады, вагондордун категориясына жана билеттерди сатып алуу мөөнөтүнө жараша билеттерди сатып алууда жеңилдиктер берилет.
Билет баалары:
-Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 1 946 сомдон,
-купе вагонуна 2 461 сомдон,
-люкс вагонуна 4 602 сомдон башталат.
Пикир
Оставить комментарий