• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Коомдук транспорттогу накталай эмес төлөм. Бишкекте рейддер уланууда

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөндөн бери Бишкек троллейбус башкармалыгы тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, айдоочулар тарабынан эреже бузуулардын жана айрым жарандардын жол кире акысын накталай эмес төлөөдөн баш тартуусун алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында башкармалыктын 25 кызматкери күн сайын каттамда иш алып барууда.

Эскерте кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөө мүмкүн:

-Үч категориядагы тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
-Кыргызстандын бардык банктарынын контактсыз VISA жана ЭЛКАРТ карталары;
- NFC виртуалдык картасы;
-Тулпар, Balance, Mbank, Megapay ж.б. тиркемелерде QR сканерлөө;
-Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Пикир

Оставить комментарий