Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин мүчөлөрү ант беришти. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Ант бергендер:

  • Догдуркүл Кендирбаева - билим берүү жана илим министри;
  • Алымкадыр Бейшеналиев - саламаттык сактоо министри;
  • Нурия Кутнаева - санариптик өнүктүрүү министри;
  • Гүлнара Баатырова - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
  • Мелис Тургунбаев - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өз кезегинде министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий