• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарында банкоматта кезек күтүп турган кызды сабаган жаран аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Нарында банкоматта кезекте турган кызды сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын тургуну 20 жаштагы К.А. "102" номерине чалып, бейтааныш адам аны эч себепсиз уруп-сабаганын билдирип, ага карата мыйзамга ылайык чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Арыз ээси А.К.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ооруканага жаткырылды.

Кылмышка шектүү катары Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган С. у.Ж. аныкталып, оорусунай байланыштуу камакка алынган эмес. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий