Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Издөөдө жүргөн 2010-жылдагы Июнь окуясынын катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан жашынып жүргөн 1991-жылы туулган Н.Х. аттуу кыргыз жараны чет мамлекеттин аймагынан кармалды.
Ал 2010-жылы болгон окуялар учурунда Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Кылмышкер узак убакыт чет мамлекеттин аймагында жашынып жүргөн.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Н.Х. аттуу жаран 2010-жылы Ош шаарында болгон окуя учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө активдүү катышкандардын бири болгон. Учурда Н.Х. Кыргызстанга алынып келип, камакка алынды.
Кылмышкердин жүргөн жерин аныктоо жана кармоо Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн, КМШ мамлекеттериндеги уюшкан кылмыштуулукту координациялоо боюнча бюронун жана Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жардамы менен, ошондой Россиянын Москва облусунун Одинцово шаарынын полиция кызматкерлери, Ош ШИИБтин кызматкерлери менен биргеликте ишке ашырылды.
КР Ички иштер министрлиги 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-издөө иштерин улантып келет.
Пикир
Оставить комментарий