• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде контрабандалык жүк ташуу үчүн колдонулган унаа конфискацияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.22. /Кабар/. Баткенде контрабандалык жүк ташуу үчүн колдонулган унаа конфискацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук сотунун чечими менен Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан Кыргызстандын аймагына кирүүдө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

Эске салсак, «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте К.О.Н аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармаган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 5000 кг, баасы 100 миң сомду түзгөн дарбыз табылган. К.О.Н жүктү Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө ташып келүүгө аракет кылган.

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин Баткен шаарындагы убактылуу сактоочу кампанын аймагына жеткирилген.

К.О.Н аттуу жаранга карата 60 миң сом айып салынган. Товарлар 116 миң 865 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен бажылык тариздөөдөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий