• 87
  • 90.41
  • 0.84

IJF: 2018-жылы дүйнө боюнча 94 журналист курман болду

Дүйнө 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Өтүп бара жаткан жылы кесиптик милдеттерин аткарып жатып 94 журналист жана медиа кызматкери каза тапкан. Бул 2017-жылга караганда 12 көп. Бул тууралуу Эл аралык журналисттердин федерациясы билдирген (IFJ).

Быйыл акыркы үч жылдан бери иш учурунда каза болгон журналисттердин саны азайып келе жаткан тренд бузулду.

Журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө Афганистан болду. Себеби ал жерде быйыл 16 журналист набыт болгон. Ал эми Мексикада 11 журналист кайтыш болсо, Йеменде – 9, Сирияда – 8.

Европада 4 журналист набыт болгон – Франция, Болгария, Түркия жана Словакияда.

Федерациянын өкүлдөрү белгилегендей, бул кырдаал дүйнөдөгү журналисттердин коопсуздук маселеси кандай абалда экенин көрсөтүп турат.

1990-жылдан бери дүйнөдө жалпы 2500 журналист киши колунан каза тапкан. Алардын ичинен эң көбү – 300 журналисттин өлүмү Иракта болгон, деп жазат Deutsche Welle.

Пикир

Оставить комментарий