• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Америкалык миллиардер Дэвид Рокфеллер 101 жашында дүйнө салды

Дүйнө 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Ишкерлердин легендарлуу династиясынын өкүлү Дэвид Рокфеллер 101 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Миллиардердин басма сөз катчысы билдиргендей, Рокфеллер дүйшөмбүдө Покантико-Хиллс (Нью-Йорк штаты) шаарчасында уйкуда жатып, көз жумгандыгын Ассошийэтед Пресс агенттиги маалымдаган.

Дэвид Рокфеллер — Standard Oil компаниясынын негиздөөчүсү жана адамзатынын тарыхындагы алгачкы миллиардер Джон Дэвисон Рокфеллердин небереси.

Ал 1915-жылы Нью-Йоркто туулган. Гарвард университетин, Лондон экономика жана саясий илимдер мектебин аяктаган. Чикаго университетинде экономика доктору даражасын жактаган. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында катардагы жоокерден капитанга чейин кызмат өтөп, Түндүк Африка жана Францияда аскердик чалгындоодо иштеген. Согуштан кийин, 1946-жылы карьерасы Chase Manhattan Bank банкында башталып, 1961-жылы анын президенти болгон. 20 жылдан соң, 1981-жылы, банктын уставы боюнча бул кызматка жаш курагы туура келбей калгандыктан кызматтан кеткен.

Рокфеллер ишенимине бекем глобалист жана неоконсерватизм идеологу катары белгилүү болгон. Көп жылдар бою ал Бильдерберг клубунун жыйындарына катышып, анын “башкаруучулар комитетине” кирген. Мындан тышкары, 1970-1985-жж. ал америкалык эл аралык мамилелер Кеңешинин директорлор кеңешин жетектеп, андан соң анын ардактуу төрагасы болгон.

Forbes дүйшөмбүдө жарыялаган рейтингде Рокфеллер байлыгы 3,3 млрд доллар катары эсептелип, 581-орунду ээлеген. Forbes маалыматы боюнча, ал дүйнөдөгү эң кары миллиардер болгон.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий