Иляз Урманбетов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн аппаратын жетектейт

Аймак 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган Иляз Урманбетовду жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Белгиленгендей, буга чейин Иляз Урманбетов уюштуруу жана инспектордук бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Ошондой эле жыйында уюштуруу иштери жана инспектордук бөлүмүнүн башчысы кызматына Бакыт Иргебаев дайындалганы белгилүү болду.

Уланбек Далиев жаңы курамдын натыйжалуу иш алып барарына ишеним артып, аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууда алардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий