• 86.99
  • 93.47
  • 0.98

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Ош облусун өнүктүрүүнү колдойт

Аймак 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай менен жолугуп, айыл аймактарын өнүктүрүү жана колдоо жаатында кызматташууну талкуулады.

Өкулчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына экономиканы, айыл чарбасын, билим берүүнү жана турмуштун башка тармактарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мектеп окуучуларынын тамактануусун оптималдаштыруу программасына токтолуп, Ош облусу боюнча 158 мектеп улуттук программага киргизилгендигин белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнүн, табигый кырсыктардын коркунучун азайтуунун, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуунун жана айыл чарба ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эки тарап тең биргелешкен аракеттер айыл аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга жана экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө алып келет деген ишенимин билдиришти.

"Биздин алдыбызда облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча маанилүү милдеттер турат, биз колдоо көрсөтүп, тургундарга ар тараптуу шарт түзүп беришибиз керек", - деди Жантаев.

Өз кезегинде Кожиро Накай Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы айыл жерлеринин калкын колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу эки тараптар Ош облусунун калкынын бакубаттуулугунун кызыкчылыгында мындан аркы кызматташууга даяр экендигин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий