• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сауд Аравиясынын Ислам университети кыргыз студенттери үчүн квотаны көбөйтүү маселесин карайт

Коом 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Имам Мухаммад бин Сауд Ислам университетинин ректору доктор Ахмед Аль-Амери менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, Улукбек Марипов сауд тарабы менен Имам Мухаммад бин Сауд университети менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү, академиялык жана илимий-изилдөө тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулады.

Өз кезегинде, доктор Ахмед Аль-Амери элчинин сунуштарын колдоп, Имам Мухаммад бин Сауд университетинин Кыргызстандын ЖОЖдору менен өз ара пайдалуу кызматташууга жана тийиштүү меморандумдарга кол коюуга, ошондой эле Кыргызстандан келген студенттерге окуу квоталарын көбөйтүү маселесин карап чыгууга даяр экендигине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы аракеттерди талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармап турууга, ошондой эле эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдардын долбоорлоруна кол коюуга даярдык иштерин баштоого макулдашты.

Жолугушууга Имам Мухаммад бин Сауд университетинде билим алып жаткан кыргыз студенттери да катышты.

Учурда окуу жайда 16 кыргыз жараны билим алууда.

Пикир

Оставить комментарий