Иманалиев: Илимдин тилине айлантмайын кыргыз тили өнүкпөйт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды аткаруу тууралуу” “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомун аткаруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

КР вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова аталган токтомдун аткарылышы боюнча КР Өкмөтү тарабынан жасалып жаткан иштерди тизмектеди. Анын белгилөөсүндө мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу “кыргыз тест” системасы боюнча токтом кабыл алынган. Ошону менен катар КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын алдындагы Терминалогиялык комиссия материалдык-техникалык жактан камсыз кылынган. Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын ортосунда мамлекеттик тилде кат алмашуусун камсыздоо, мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди окутуусун жүргүзүү жаатында иштер жүргүзүлүп жатат.

Депутат Каныбек Иманалиев өлкөдө гуманитардык илимдер боюнча кандидаттык диссертациялар орус тилинде жакталаарын айтып: “Илимдин тилине айлантмайын кыргыз тили өнүкпөйт”,- дейт. Ошону менен катар К.Иманалиев кыргыз тилин компьютерлештирүү максатында мобилдик телефондорго кыргыз тилин үйрөтүү боюнча программаларды киргизүү жаатында иштер жүргүзүлүшү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат Кожобек Рыспаев мамлекеттик тилде иш жүргүзүү Өкмөттүн өзүндө эле жүргүзүлүп, министрликтерде иштер дээрлик жүрбөй жатканын сынга алды.

Депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосунан кийин Бишкек шаарында жалпысы 84 бала бакчанын болгону 9у кыргыз тилдүү бала бакча экени белгилүү болду. Заманбап технологиялар менен кыргыз тилин үйрөтүүгө, көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардын котормолоруна да өзгөчө маани берүү керектиги боюнча сунуштар айтылды.

Депутат Абдывахаб Нурбаев бала бакчаларга жомок китептерди таркатууда таалим-тарбияга жык толгон кыргыз эл жомоктору камтылган китептерге басым жасоого чакырды.

Тилди өнүктүрүү боюнча Малайзияны мисалга тарткан депутат Акылбек Жапаров Малайзия парламентинде болгон иш-чаралар, болгон иш кагаздары, малай тилинде жүрүп, келип сүйлөөчүлөр малай тилинде гана сүйлөй аларын шарттаган мыйзам кабыл алынгандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий