• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Төрага Шакиев баштаган депутаттар иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Казакстандын Түркестан шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, анын алкагында Нурланбек Шакиев бир катар жолугушууларды өткөрүп, БА чөлкөмүндөгү алакаларды арттыруу жаатында парламенттердин ролун жогорулатууга байланышкан иш-чараларга катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

Пикир

Оставить комментарий