Иманалиев Жумгал районунда билим берүү мекемелерин кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.23./Кабар/. Бүгүн, 23-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев алыскы Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебине барып, жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен таанышты.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аталган мектеп 1-сентябрга карата пайдаланууга бериле турган 36 мектептин бири.

Мындан тышкары, министр Жумгал районунун Дыйкан айылындагы С.Жамгырчиев атындагы бала бакчага барды.

Пикир

Оставить комментарий