• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргыз жарандарынын Россияга кирүү жана анын аймагында жүрүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Россиянын Кыргызстандагы жаңыдан дайындалган элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандарынын Россияга кирүү жана анын аймагында жүрүү маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстандын жарандары үчүн Россияга кирүүдөн баш тартуу учурларынын көбөйүп жатканына жана Россиянын эл аралык аэропортторунда текшерүү процедураларынын узактыгына кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирди. Ошону менен бирге, ал россиялык тараптын өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого багытталган чараларын кыргыз тарап түшүнүү менен кабыл аларын белгиледи.

Өз кезегинде Россия элчиси Сергей Вакунов эки тараптуу күн тартибиндеги бардык темалар боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында миграция маселелери боюнча, анын ичинде эки өлкөнүн компетенттүү укук коргоо органдарынын мамлекеттер аралык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында мындан аркы иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий