• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Фармкомпаниялар тарабынан COVID-19га каршы дарыларды кымбаттаттуу катталган жок

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Фармацевтикалык компаниялар тарабынан коронавирус инфекциясына каршы дарыларды негизсиз кымбаттаттуу катталган жок, деп билдирет Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти.

Ведомствонун маалыматына караганда дары-дармектин баасын кармап туруу боюнча иш-чаралардын алкагында Департамент коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн керектүү дары-дармектердин тизмесине кирген дары-дармектердин бааларына туруктуу (жумасына 2 жолу) көзөмөл жүргүзөт.

Азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыгы дары-дармектердин баасы жалпысынан туруктуу болуп жатканын көрсөттү.

Ошол эле учурда, бааны негизсиз көтөрүп жиберген учурларда департамент тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө фармацевтикалык компаниялар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып пул салынат.

2021-жылы төрт фармацевтикалык компанияга текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндүгү үчүн 112 миң сом жалпы салык салынды.

Белгиленгендей, дары-дармек жана медициналык каражаттардын баасын кармап туруу боюнча иштердин алкагында Дары-дармек департаменти менен КРнын Фармацевтикалык союзунун ортосунда бааларды кармап туруу боюнча меморандумга кол коюлган.

“Республиканын фармацевтикалык секторунун өкүлдөрүнүн басымдуу көпчүлүгү дары-дармектердин калкка жана аймактын дарылоо-алдын алуу уюмдарына физикалык жана финансылык жактан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылчылыгына, айрыкча, азыркы эпидемиологиялык шарттарда түшүнүү менен мамиле кылып жатканын белгилей кетүү зарыз”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий