Инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети аземдин жаңы сценарийин карап чыкты

Президент 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Президенттин аппаратынын жетекчиси — мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 22-январда, өлкө президентинин милдетин аткаруучунун 2021-жылдын 20-январындагы Жарлыгы менен түзүлгөн уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жыйында ал иш-чарага даярдык көрүүгө байланыштуу учурдагы уюштуруу маселелерине токтолду.

Жыйындын катышуучулары инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасынын долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти.

Ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана жарандардын коомдук коопсуздугу үчүн бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кылуу милдеттери коюлду.

Жыйындын жыйынтыгында уюштуруу комитетинин мүчөлөрү түзөтүүлөрдү эске алуу менен инаугурация аземин даярдоо боюнча тиешелүү иш-чаралардын программасын жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий