• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Индияда кыргыз ашканасынын жумалыгы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Индиянын Нью-Дели шаарында 13-октябрь күнү кыргыз ашканасынын жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинен билдиришти.

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги жана “CD Foundation” фонду тарабынан уюшулган маданий жана туристтик иш-чара Нью-Дели шаарындагы “Hyatt Regency-Gurugram” мейманканасында өткөрүлүүдө.

"Бишкектен барган ашпозчу Улан Байсырахманов жана Мухтар Батталгазы уулу индиялыктарга Кыргызстандан алынып келинген азык-түлүк жана жер-жемиштерден түркүн тамактарды жасап сунуштап жатышат. Конокторго өзгөчө буурчак, баклажан кошулган салаттар, куурулган жашылчалар жакты. Ошондой эле, куурдак, оромо, дымдама жана башкалар да жасалган", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн,14-октябрда М.Саманчиеванын дизайндык иштеринин кечеси өтөт.

Пикир

Оставить комментарий