• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Максүтов Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцевти кабыл алды

Маданият 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцевти кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Осинцев Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземине катышуу үчүн Бишкекке келген Саха Республикасынын (Якутия) маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприяновдун коштоосунда келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекет башчыларынын катышуусу менен Москвада өткөн эриш-аркак жылы башталгандан бери эки тараптуу маданий кызматташтыктын жанданышына канааттангандыгын билдиришти.

Өз кезегинде Юрий Куприянов 11-декабрда маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошев менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун жана М. Аммосовдун эстеликтерине гүл коюуга катышканын маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий кызматташтык боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйынын, Россиядагы Кыргызстандын маданият күндөрүн жана Ккыргыз кино күндөрүн өткөрүү боюнча 2023-жылга иш-чаралар планын иштеп чыгууну макулдашышты.

Ошондой эле расмий өкүлдөр Улуттук музей менен таанышышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-декабрда Токтогула Сатылганов атындагы Кыргыз клуттук филармониясында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт.

Пикир

Оставить комментарий