• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Индиялык компания Дели – Бишкек – Дели аба каттамын ачууга даяр

Коом 0

Бишкек, 25.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов IndiGo компаниясынын Авиациялык саясат жана өнөр жай боюнча вице-президенти Раджан Малхотра менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Дели – Бишкек – Дели маршруту боюнча авиакаттамдарды ачуу маселеси талкууланды.

Раджан Малхотра IndiGo компаниясынын Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча авиакаттамдарды баштоого даярдыгын билдирди. Компания Индия өкмөтү тарабынан расмий ташуучу болуп дайындалган жана бул каттам боюнча жумасына 7 күн авиакаттамдарды аткарууга уруксат алган.

Элчи Аскар Бешимов бул маселени мындан ары илгерилетүү үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, АКШ, Улуу Британия жана Шенген аймагы сыяктуу өлкөлөрдүн көп жылдык визасы бар Индиянын жарандары үчүн 21 күндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейин визасыз режим киргизилгендигин белгиледи.

Тараптар Индиядан Кыргызстанга туристтердин тобун жөнөтүү, тиешелүү жарнамалык компанияларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле туристтик компаниялардын ортосундагы байланыштарды чыңдоо аркылуу туризм чөйрөсүндө дагы кызматташууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий