• 87
  • 90.41
  • 0.84

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча агенттигине жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Молдошева Динара Автандиловна Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Пикир

Оставить комментарий