• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамагенттигинине жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.07.21 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, «КР Конституциясы жөнүндө» КР мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Токтомамбет Сатышов КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчынын башка Жарлыгына ылайык, Калманбетов Уланбек Кыдыкович КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий