Бишкек, 24.10.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ипотекага баштапкы төлөмү жок жарандарга "Элдик Банк" каражат бөлөт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө мурдагы "РСК Банк" азыркы "Элдик Банк" Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түздү. Жарандардын каражаттары жок болсо, эч кандай күрөөсүз эле келишим түзүлөт. Мындан улам банк жарандарга биринчи төлөмдөрдү төлөп бергенге даяр.
Пикир
Оставить комментарий