Ипотекалык компания саударавиялык компания менен консультациялык кызмат көрсөтүү жаатында кызматташат

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен Сауд Аравиясынын Enwan Consultant Bureau компаниясынын ортосунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, кол коюу Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун алкагында өттү.

Келишимдеши консалтингдик кызматтарга Бишкек шаары, Маликов 91 дарегинде курулуп жаткан «Мурас» турак жай комплексин курулушунун үчүнчү этабынын долбооруна экспертиза жүргүзүү кирет.

Аталган объектте курулуштун үчүнчү этабында жалпы аянты 172 206 м2 болгон 24 кабаттуу 17 үйдү куруу пландаштырылууда. Долбоор боюнча жалпысынан 2 256 батир курулат.

Сауд өнүктүрүү фонду насыялык макулдашууга ылайык, 100 млн доллар өлчөмүндө турак жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга 25 жылдык мөөнөткө 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыя берет. Мамлекеттик ипотекалык компания кредиттик каражаттардын оператору болуп саналат.

Турак жай "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучулары үчүн курулат жана "сатып алуу үчүн ижарага алуу" механизми боюнча төмөнкү багыттар боюнча берилет:

  • социалдык ипотека;
  • жеңилдетилген ипотека;
  • жеткиликтүү ипотека.

"Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын катышуучулары ай сайын ипотекалык төлөмдөрдү төлөп турушат, түшкөн акча каражатты МИК Сауд өнүктүрүү фондуна насыяны төлөөгө жумшайт.

Пикир

Оставить комментарий