Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө. Таң эрте добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды.

Tasnim агенттиги маалымдагандай, шайлоодо 61,5 миллиондон ашык жаран добуш берет. Бул үчүн 59 миңдей шайлоо тилкеси жана 15 миңдей мобилдик пункт иштеп жатат.

Шайлоодо төрт талапкер ат салышууда. Талапкерлердин катарында парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф, Коопсуздук кеңешинин өкүлү Саид Жалили, Ички иштер жана Юстиция министрликтеринин мурдагы башчысы Мостафа Пурмохаммади жана парламент депутаты Масуд Пезешкиан бар.

Белгилей кетсек, Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өлкөнүн президенти Эбрахим Раиси 19-майда авиакырсыктан каза болгондон кийин дайындалган. Кыйраган тик учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян да болгон. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий