• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кытай АКШга каршы Россияны “колдоого” даяр

Дүйнө 0

Кытайдын жаңы коргоо министри Вэй Фэнхэ Москвага сапарынын жүрүшүндө Кытай АКШга каршы Россияны колдоого даяр экенин билдирди.

“Мен Россияга Кытайдын жаңы коргоо министри катары биздин эки жактуу алакаларыбыздын жогорку өнүгүү деңгээлин жана биздин куралдуу күчтөрүбүздүн стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн көрсөтүү үчүн келип отурам”,- деди Вэй Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда. Бул тууралуу “ТАСС” мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин билдирүүсүндө айтылат.

“Экинчиден, россиялык тарапты Москва эл аралык коопсуздук конференциясында колдоо үчүн, кытай тарап америкалыктарга Кытай жана Россиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы өзгөчө азыркы учурдагы тыгыз байланышын көрсөтүү үчүн конференцияга катышат. Биз силерди колдоо үчүн келдик”, - деп кошумчалады ал. “Кытай тарап россиялык тарап менен бирге эл аралык аянтчада эл аралык маселелер боюнча тынчсыздануу жана жалпы позицияны билдирет”.

Вэй Москва эл аралык коопсуздук боюнча конференциясына башка кытай аскер чиновниктери менен бирге делегациянын курамында катышат. Ал анын сапары түздөн-түз Кытайдын президенти Си Цзиньпин тарабынан координацияланганын баса белгиледи.

Россия Коргоо министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү жыл сайын өтүүчү коопсуздук боюнча бул жолку конференция Сириядагы террорчуларды кыйратууга багытталган. Белгиленгендей, россиялык тарап ИЛИМ менен күрөштө тажрыйбасы менен бөлүшөт. Ал ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы алдыдагы окуларга, анын ичинде жаңжалдан кийинки калыбына келүүгө баа берет.

“Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасы туш болгон коопсуздук көйгөйлөрү форумдун көңүл чордонунда болот. Атайын сессия “жумшак күч” феноменин аскердик-саясий максаттарга жетишүү куралы катары карайт”, - деп айтылат министрликтин [Россиянын] билдирүүсүндө.

Булагы: Global Times,

Котормо – «Кабар»

Пикир

Оставить комментарий