Ирандын Шираз провинциясында сел жүрүп, 18 адам каза болуп, дагы 94 жабыркады

Коом 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Ирандын Шираз провинциясында 25-мартта сел жүрүп, 18 адам каза болуп, дагы 94 адам жабыркады. Бул тууралуу ирандык Parstoday агенттигинин кабарлады.

Ирандын Нооруз майрамына карата эс алуу күндөрүндө саякаттуу бир топ шаарларда катуу нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланган.

Ал эм Шираз провинциясына келген коноктордун унаалары селден улам катар катары менен агып кеткен.

Мындан тышкары Хормозгом, Гийлан, Хуррам Абад, Тагарак шаарларын дагы сел каптаса, Хамедан провинциясында кыштагыдай калың кар жаады.

Пикир

Оставить комментарий