• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сыдыков: Жээнбеков менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде экинчи аскерий базаны ачуу маселеси турган жок

Саясат 0


Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде Кыргызстанда экинчи аскерий базаны ачуу маселеси турган жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков суроого жооп берип жатып билдирди.

Мындан тышкары, Сыдыков белгилегендей, аскерий кызматташтык тармагында Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрындагы "Бириккен Россиялык аскерий базасынын макамы жөнүндө" макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколуна кол коюлары белгиленүүдө.

"Тийиштүү мекемелердин ортосундагы сүйлөшүүлөр азыр да уланууда. Алар аяктайын деп калды. Ал тууралуу кеңири айтып бере албайм. Документтер даяр болгондон кийин ал маалымдалат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий