• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Ири алдамчылыкка шектелип Аскердик прокуратурасынын жалган кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.24. /Кабар/. Ири алдамчылыкка шектелип Аскердик прокуратурасынын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал өзүн Аскер прокуратурасынын 4-бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырган Акылбек Султанов аттуу жаран анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алгандыгын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул сыяктуу фактылар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон Ш.А.Т. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

КР Аскер прокуратурасы жогорудагы адам тарабынан алданган учурлар болсо, Бишкек шаары, Токтоналиев көч., 2/1 дареги боюнча КР Аскердик прокуратурасынын Тергөө башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий