• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жарандарды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Тоноого шектүү жарандар кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-январында болжол менен саат 04:30 чамасында милицияга Павлов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1992-жылы туулган К.Б., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси Redmi Note үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө күч колдонуп тоноп кетишкендигин билдирген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү делген 1996-жылы туулган А.Р. жана 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу жарандарды кармап, Ленин райондук ИИБнүн Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБи тарабынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин ("Тоноо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий