• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте эл ташыган коомдук транспорттор текшерилип, 32 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Бишкек шаардык кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторду текшерүүгө алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маршруттук унаалардын техникалык абалы жана айдоочулардын айдоо маданияты текшерилди.

"Айрыкча жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сакталуусу, маршруттук унаанын ичинде жүргүнчүлөр үчүн атайын кармоочтордун болуусу, жүргүнчүлөрдү унаага салуу жана түшүрүү учурлары аялдамаларда кана токтоо керек экендиги эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында техникалык бузуулары аныкталган коомдук транспорттого жалпысынан 32 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий