• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган кыргызстандык Испаниядан экстрадицияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган кыргызстандык жаран Испаниядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экстрадициялоо иштери Ички иштер министрлиги менен бирге координацияланган иш-аракеттердин жыйынтыгында ийгиликтүү аяктады. Айыпталуучу жабырлануучуларга 60 млн сомго жакын зыян келтирген.

Экстрадиция Испаниянын укук коргоо органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун натыйжасында ишке ашырылды.

Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында эл аралык келишимдердин алкагында издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча активдүү иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий