• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Бишкекте “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарында “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүрүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында интернет аркылуу "халифат" түзүүгө аракет кылган Ж. А., аттуу кыргыз жараны кармалган.

"Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

КР Жогорку сотунун токтому менен "Хизб-ут-Тахрир" 2003-жылдан 20-августунан тартып экстремисттик уюм деп таанылып, Кыргызстандын аймагында анын иш-аракеттерине тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий