• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Исаев: Кыргызстандын ЖОЖдорунда 13 миңден ашуун индиялык студент билим алууда

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 13 миңден ашуун индиялык студент билим алууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев билдирди.

Анын айтымында, окуу жайларды аяктаган индиялык студенттер өзүнүн өлкөсүндөгү алдыңкы компанияларда иштеп жатат.

“Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги тармагы - билим берүү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, 2020-2021-окуу жылында өлкөдө 13 миңден ашуун индиялык студенттер жогорку окуу жайларда окуп жатат”, - дейт ал.

Исаев кыргызстандык студенттердин Индиянын окуу жайларына тапшыруусу жеңилдегендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий