• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

9-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Эртең, 9-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус, Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 12…17, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий