• 87
  • 90.41
  • 0.84

Исаков: Ишкерлер өлкөнүн ЕАЭБ мүчөлүгүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышы керек

Өкмөт 0


Бишкек, 16.09.17 /Кабар/. Ишкерлер Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүндөгү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 16-сентябрда, Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдирендей, премьер-министр эт азыктарын иштетүүгө багытталган «Адал-Азык» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

100 киши иштеген ишкананын өндүрүш кубаттуулугу суткасына 20 тонна этти иштетүүгө жетет. Чыгарылган азыктар ички рынокко сатылат. Жаңы имаратты курууга Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунан 1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө насыя тартылган.

Сапар Исаков экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүдө, өндүрүш тармагын модернизациялап кеңейтүүдө Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фондунун ишмердүүлүгүн оң баалады.

Андан соң Өкмөт башчы сүт азыктарын кайра иштеткен «Кант-Сүт» ЖЧИ барды. Ишкана күнүнө 100 тонна сүттү иштетип түрдүү сүт азыктарын даярдайт.

Жумуш сапарынын аягында Сапар Исаков «Интергласс» ЖЧИ барып, айнек курулуш триплекс терезелерин көрдү. Товарлар ички рынокко, жакынкы чет мамлекеттерге, тактап айтканда Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясына экпорттолот.

«Экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн алкагында олуттуу чыгымдарды азайтуу жана атаандаштыкка туруштук берүүдө азыктарды өндүрүүдө акыркы санариптик технологияларды өндүрүү, киргизүү жана аны колдонуу абдан маанилүү», – деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий