• 87
  • 90.41
  • 0.84

Исаков Нарын облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-декабрда, Нарын облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландары боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы «Жаңы доорго – Кырк кадам» программасынын келечектүү багыттарынын бири өлкө аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү болуп саналаарын белгиледи. Буга байланыштуу Сапар Исаков бардык облустардын көйгөйүн ыкчам чечүү, инвестициялык долбоорлордун планын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну талкуулоо боюнча мындай жолугушуулар жалпы министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусуда такай өткөрүлүп тураарын дагы бир ирет эскертти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укктуу өкүлү Аманбай Кайыпов аймак экономикасынын структурасы жана анын тармактарындагы ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары ал айыл чарба, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү сыяктуу аймак өнүгүүсүнө чоң салым кошкон негизги тармактар тууралу айтты.

Буга катар Аманбай Кайыпов медицина, билим берүү, туризм, маданият, инфраструктураны өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу жана чек ара коопсуздугун камсыздоо жаатындагы негизги көйгөйлөрдү белгиледи.

Премьер-министр Сапар Исаков ыйгарым укуктуу өкүлгө жергиликтүү бюджет эсебинен аймактын ички жолдорунун абалын жана облустун негизги трассаларынын жээгиндеги инфраструктураны жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Тактап айтканда, Өкмөт башчы металл тосмолорун жана жарыктандыруу тутумун орнотуу, ошондой эле тротуарларды, жол белгилерин жана чийимдерин тактоо, тазалыкты жана аймактарды көрктөндүрүүнү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигине Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун курулушун баштоого даярдыктар боюнча инвесторлор менен ишти активдештирүүнү тапшырды.

Экономика министрлигине, Финансы министрлигине, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигине жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна аймактын айыл чарба ишканаларынын ишин активдештирүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга катар Өкмөт башчы жетекчиликтин көңүлүн калкты көмүр менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо максатында «Кара-Кече» кениндеги көмүр казуу менен алектенген компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгына бурду. Өнөр жай, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамлекеттик комитетине компаниялардын тоо иштери планын аткаруусу боюнча көзөмөлдү күчөтүүсү тапшырылды.

Мындан тышкары Премьер-министр тийиштүү органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте Нарын облусунун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча тыкыр иш-чаралар планын иштеп чыгууну жана келерки жылы билим берүү мекемелерин компьютердик техника менен жабдууга каражат табууну тапшырды.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, өлкө аймактарында медициналык тейлөөнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана ооруканаларды модернизациялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Премьер-министр белгилегендей, жыл сайын Өкмөт тарабынан эки облустук оорукана Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунун мисалында капиталдык реконструкциялоодон өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий