• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Шериктештиктин маданий борборлору» программасын ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Шериктештиктин маданий борборлору» программасын ишке ашыруу алкагындагы иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин экинчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө инфраструктуралык жана башка объектилердин, маалыматтык материалдардын жана логистиканын даярдыгы маселелери талкууланды.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары «Шериктештиктин маданий борборлору» программасын ишке ашыруу алкагында ишке тартылган объектилерди өз мөөнөтүндө даярдоо, аларды каржылоо жана башка уюштуруу маселелерин чечүү боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий