Бишкек, 11.2.17 /Кабар/. «Таза коом» улуттук программасы боюнча иш-чаралар жыйындысы, биринчи кезекте, калкыбыздын бакубаттуулугун жеткиликтүү жана сапаттуу медицина, билим берүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү аркылуу жогорулатууга багытталган», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-декабрда, «Кыргызстандагы санариптик Өкмөттүн, санарипик билим берүүнүн жана санариптик медицинанын келечеги» аттуу эл аралык конференцияда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган программаны ишке ашыруудагы негизги натыйжа катары мамлекеттик аппаратты оптимизациялоо жана “күңүрт” экономика көлөмүн кыскартуу болуп саналат.
«Бошогон» каражаттын эсебинен биз аймактардагы инфраструктураны жана социалдык тармактагы адистердин айлык акысын жакшырта алабыз. Биз таза ичүүчү суу менен камсыздоо, сапаттуу медицина жана билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бура алабыз. Санарипке өтүүдө жалпысынан кадрлык мүмкүндүктү жогорулатууга оңдуу таасир болот», — деп белгиледи Сапар Исаков.
Премьер-министр билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата интернет-байланыш ылдамдыгын жогорулатуу жана аны менен алыскы аймактарды камсыздоо боюча иштер жүрүүдө.
«Интернетсиз билим берүү тармагындагы адистер жана балдар үчүн билимге карай жеткиликтүүлүктү кеңейте албайбыз жана да башкача жол менен электрондук саламаттык сактоону түзө албайбыз», — деди Сапар Исаков.
Өкмөт башчынын айтымында, россиялык «Ростех» мамлекеттик корпорациянын адистери менен биргеликте калкты тейлөө борборлорунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан жарандардын ден-соолугу тууралуу маалыматты борборго жөнөтүүчү аппаратты орнотуу боюнча иштер аткарылууда. Аталган чара өлкө жарандары муктаж болуп жаткан тийиштүү медициналык көмөктү ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет.
Андан соң Премьер-министр «Таза Коом» аралыктан туруп дарылоо шартын түзөөрүн белгиледи, дарыгерлерде реалдуу убакыт режиминде бейтаптар менен мультимедиялык өз-ара аракеттенүүго жараша аралыктан туруп медициналык корутунду чыгарып, дарылоо мүмкүндүгү түзүлөт. Бейтапты аралыктан электрондук мониторингдөө тутуму алыскы райондордо жана айыл жерлеринде жашаган оорулууларды дарылоону өркүндөтүү боюнча зор мүмкүндүктөргө ээ.
«Дүйно жүзүндөгү өлкөлөрдүн 50% ашууну пайдаланган саламаттык сактоонун электрондук тутуму калктын аяр катмарындагы аялдардын жана наристелердин өмүрүн, ар-кыл новатордук ыкмалар менен сактап калууга күн сайын мүмкүндүк берет. Учурда аялдардын жана балдардын ден-соолугун чыңдоо боюнча жаңы жана чыгашасы төмөн чаралар көбүрөөк колдонулууда», — деди Сапар Исаков.
«Учурда 100 ашуун өлкөлөр саламаттыкты чыңдоо, же ага кандай жетишүүнү тактоо иретинде уюлдук телефондор менен пайдаланат. Интернетке карай, аны менен катар жашоо үчүн маанилүү маалыматка жана кеңештерге жеткиликтүүлүк барган сайын кеңейүүдө. Өкмөт анын көмөгү аркылуу аялдардын жана балдардын ден-соолугун коргоо программаларын кеңейтүү жана калкка зарыл маалыматтын көлөмүн тартуулоо үчүн расмий веб-сайттарды жана социалдык тармактарды түзүү аркылуу жаңы ыкмаларды табууда», — деп белгиледи Сапар Исаков.
Буга катар Өкмөт башчы кошумчалагандай, заманбап IT-технологияларсыз билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүн эмес:
«Бүгүнкү күндө Интернетсиз билим берүүнүн мүмкүн эместиги боюнча эч ким талаш жарата албайт. Алдыңкы эл аралык тажрыйба, коопсуз мектептер, аралыктан окутуу мүмкүндүгү, электрондук окуу китептер, глобалдык атаандаштыкка даяр адистерди даярдоо, билим берүү тармагындагы кадрдык мумкүндүктү жогорулатуу, методологиялык материалдарды жаңыртуу жана көптөгөн башка нерселер – мына булар «Таза Коом» алкагындагы өкмөттүн максаттары», — деди Сапар Исаков.
Мындан тышкары, мамлекеттик аппараттын ишмердүүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана кыскартуу максатында, Премьер-министр 2019-жылы санариптик Өкмөткө өтүү пландары тууралуу айтты.
«2019-жылы Өкмөт санариптүү болот. Санариптик өкмөткө өтүү боюнча иштер көзгө көрүнбөгөнү менен, жыйынтыктары анык болот: ал биз кабыл алган чечимдердин сапаттуулугу, чечимдер алдын ала эсептелип, мурдагыдан да ыкчам жана негиздүү болот. Биздин иш ачык болуп, маморгандардагы коррупциянын деңгээли төмөндөйт. Анын жардамы менен, биз мамкызматкерлер эмне менен алек болгонун, жумушуна канча убакыт коротуп жана иш ордунан качан чыгып жатканын жана башканы көрсөк болот. Бул ар бир мамкызматкердин натыйжалуу иштөөсү жана мамлекеттик кызматка чыныгы кесипкөй адамдарды алып келиш үчүн керек», — деп белгиледи Сапар Исаков.
Ошондой эле Өкмөт Башчы дагы бир жолу өлкөдө санарипке өтүү абдан маанилүү экенин белгилеп кетти.
«Санариптештирүү – бул санариптик экономиканы киргизүү үчүн шарттарды түзүү, бизнес үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр, миңдеген жумушчу орундар, инновациялык чечимдер жана жогорку квалифициялуу кадрлар. Биз жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга алып келген жана коомчулуктагы социалдык көйгөйлөрдү чечкен татаал жолдун башында турабыз», — деп белгиледи Сапар Исаков.
«Кыргызстандагы санариптик Өкмөттүн, санарипик билим берүүнүн жана санариптик медицинанын келечеги» аттуу эл аралык конференциянын ишине өлкөнүн министрлик жана ведомстволорунун, ири IT-компаниялардын жетекчилери, коомдук, эл аралык уюмдардын, бизнестин, жарандык коомдун, донорлорлордун өкүлдөрү, ошондой эле санариптик коммуникация боюнча эл аралык эскерттер катышты.
Конференцияга спикер катары Мамлекеттик башкарууда маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча эл аралык кеңештин (ICA) төрагасы Тошиюки Замма, кардиохирург, академик Б.В. Петровский атындагы Россиянын хирургия боюнча илимий борборунун директорунун орун басары Алексей Коротеев, ЕЭК министри Карине Минасян, Дүйнөлүк банктын санариптик стратегиясы боюнча кеңешчиси Рандип Судан, Борбор Азия жана Кавказ институтунтун төрагасы, Евразия боюнча америкалык эксперт Стивен Фредерик Старр, Дүйнөлүк Банктын улуу МКТ-консультанты Айнура Жороева, Блокчейн технологиялар жана криптовалюталар боюнча адис Даниил Вартанов жана Молдованын электрондук башкаруу Борборунун реинжиниринг боюнча адиси Влад Маноил катышты.
Пикир
Оставить комментарий