• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Ишкер24" тиркемесин 20 миңден ашуун колдонуучу жүктөп алды

Экономика 0

Бишкек, 09.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. "Ишкер24" тиркемесин 20 миңден ашуун колдонуучу жүктөп алды. Бул тууралуу "Элдик Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Ишкер24” тиркемеси чакан жана орто ишкердикти колдоого багытталган. Жаңы санариптик продуктунун жардамы аркылуу ишкердик менен алектенген жарандар аралыктан эле салыктык жана каржылык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк алышууда.

“Бүгүнкү күндө биздин тиркеменин колдонуучулары үчүн тейлөө кызматы жеңил болуп калды. Жеке ишкерлер эми салык кызматына жана банктын филиалдарына барбай, онлайн катталып, башка салык жана финансы кызматтарын да кеңири пайдалана алышат. Салык карыздарын текшерүүгө, салыктарды эсептөө жана төлөө, ККМ каттоо жана берүү, бизнес-карта ачуу жана банк картасына которуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр түзүлдү”, - деди ал.

Ошондой эле Уланбек Ногойбаев өткөн аптада электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) менен иштөө кызматы ишке ашырылганын, алдыда электрондук товар-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) менен иштөө кызматы аягына чыгып калганын белгиледи.

“Альфа Телеком” ЖАКтын башкы директору Айбек Күрөңкеев тиркеменин MEGA абоненттери үчүн кошумча артыкчылыкка ээ болуп, смартфон аркылуу бизнести башкаруу менен убакыт жана акча үнөмдөлүп жатканына токтолду.

“Нөл балансы менен деле колдонуучулар тиркемени ача алышат. “Ишкер24” колдонууда алардын интернет-трафиги сарпталбайт. Көрсөтүлүүчү бардык кызматтар комиссиясыз экендигин айта кетишибиз керек. Ошондой эле, 15 млн сомго чейин жүгүртүүгө ээ болгон ишкерлер салыктарды төлөбөй, отчет тапшырбай, салык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн гана төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат”, - дейт Айбек Күрөңкеев.

Мега&Элдик Банк кызматташуу долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин-Байло чакан бизнес үчүн патент жокко чыгарылгандыктан бухгалтер жалдабай эле, “Ишкер24” тиркемесин колдонуу ыңгайлуу экендигин айтып өттү.

"Ишкерлерге тиркемени кантип колдонуу керектиги боюнча www.ishker24.kg сайтында окуу видео киргизилген. Кыргызстанда же дүйнөнүн кайсы булуң-бурчунда болбосун ишкерлер аралыктан эле иштей алат. Эки мамлекеттик компаниянын өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан бул долбоордун социалдык мааниси чоң. Биз тиркемени жаңы кызматтар жана сервистер менен толуктап, жаңылап турабыз. Тиркеме ишкерлер үчүн App Store жана Google Play'де жеткиликтүү", - деп кошумчалады Татьяна Шахин-Байло.

Белгиленгендей, бул социалдык санарип чечим президенттин демилгеси боюнча Мамлекеттик салык кызматы менен өнөктөштүктө иштелип чыгууда.

Тиркемеге байланышкан сунуш-пикирлер жана билдирүүлөр төмөнкү телефондорго кабыл алынат:

  • бирдиктүү кыска номер - *2400
  • whatsApp – (+996) 755 002 400
  • мамлекеттик салык кызматынын байланыш борбору – 116 (иш күндөрү 09:00 - 18:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий