• 87
  • 90.55
  • 0.84

Баткенде ишкерден ири суммада акча талап кылган мурдагы финполиция кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Баткенде ишкерди опузалап, ири суммада акча талап кылган мурдагы финансы полициясынын кызматкери кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл октябрь айынын башында Баткен облусунун тургуну ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана физикалык күч менен коркутуп, 3 млн сом акча талап кылып жаткан бейтааныш жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты ИИМдин Тергөө кызматына каттоого алынып, көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийин кылмышкердин Бишкектен эки батир, ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кыла баштаганы белгилүү болгон.

25-октябрда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 миң долларды түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүүнү кармашкан. Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д болуп чыкты. Ал мурдагы финансы полициясынын кызматкери жана буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Шектүү Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий