• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Суу районунун Таш-Арык айылы таза суу менен камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылы таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Таш-Арык айылынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо максатында 2021-2022-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин эсебинен 13 млн 595 миң сом акча каражаты сарпталып, Мамкурулуш агенттиги тарабынан таза суу долбоору ишке ашырылды.

Тактап айтканда, айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында 8,5 чакырым жаңы суу түтүктөрү тартылып орнотулду. Андан тышкары, айылга жаңы водозабор менен 200 куб метр 2 даана суу резервуар курулуп тапшырылган. Аткарылган жумуштардын жыйынтыгында 3100 жаран таза суу менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, айыл тургундары көптөгөн жылдардан бери арыктан жана каналдардан суу ичип пайдаланып келишкен. Бул кырдаал айылда сууга байланыштуу ар кандай жугуштуу оорулардын жайылышына алып келген жана айрыкча жаш балдардын арасында көп учураган.

Учурда көчөлөргө, короолоруна орнотулган колонкалардан суу чыгып, айыл жашоочулары коопсуз ичүүчү сууга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий