• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында окуучулар арасында интеллектуалдык сынак өтөт

Аймак 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Ош шаарында "Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз" аттуу сынактын облустук баскычы өтөт. Бул тууралуу "Ынтымак" телеканалына Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаров билдирди.

Анын айтымында, сынак буга чейин райондордо өтүп мыктылары облустук баскычка жолдомо алышкан. Мында ар бир катышуучу өзү ойлоп тапкан техникаларынын үлгүсүн сунушташат.

"Азыр ар бир бала жаш кезинен тартып техниканы мыкты өздөштүрүп жатат. Алардын арасында ойлоп табуучулукка шыгы барлар өтө көп. Биздин максат ошол балдарга стимул берүү, – деди ал.

Сынак 27-мартта өткөрүлүп, окуучулар 7 номинация боюнча тандалат. Жеңүүчүлөр сынактын республикалык баскычына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Пикир

Оставить комментарий