• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Иске ууланган адамга кандай жардам берүү керек? ӨКМдин кеңеши

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске ууланган адамга кандай жардам берүү керектиги боюнча кеңештер менен бөлүштү.

Ведомство адамдар автоунаадан чыккан газдан, турмуш-тиричилик газ буюмдарынын иштен чыгуусунан, мордун туура эмес түзүлүшүнөн өрттөн чыккан истен ууланышы мүмкүн экенин эскертет.

Уулуу көмүртек кычкылы (түтүн) түсү жана жыты жок жана аны менен уулануу өтө кооптуу. Уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт.

Уулануунун негизги себеби – мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, эшиги жакшы жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, ал тургай мештеги жаракалар да кайгылуу окуяга кептейт.

Адамдын организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жарша уулануун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат.

Уулануунун белгилери — баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу — өлүм менен коштолуу.

Ууланган адамга жардам көрсөтүү кадамдары:

- таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
- бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
- жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
- адамдын акыл-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;
- жабырлануучу эс-учун жоготсо "тез жардам" келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.

Пикир

Оставить комментарий