• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Искендер Султаналиев: Угуусу начарлар эми мамлекеттен жөлөк пул сурабай, тескерисинче салык төлөөчүгө айланат

Коом 0


Бишкек, 18.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Сурдокотормонун жардамында эми угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар сынакты ийгиликтүү тапшырышат. Бул тууралуу “Феномен” коомдук фондунун президенти Искендер Султаналиев "Кабар" агенттигине билдирди.

“Буга чейин кулагы укпаган жарандар үчүн айдоочулук күбөлүктү алууда бир топ тоскоолдуктар болгон. Ушул маселени чечүү үчүн бир жылдан ашуун тынымсыз иштеп, мына бүгүн натыйжасын көрсөткөнү турабыз. Көп иш-чаралардын натыйжасында, биз угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарыбыз үчүн айдоочулук күбөлүк алуу сынагын жеткиликтүү кылып иштеп чыктык. Ал үчүн студияда сурдокотормочунун жардамы менен 1 миңге жакын суроолорду жана жоопторду жаңсоо тили менен жазып бүттүк”,-деди ал.

Ошондой эле Искендер Султаналиев, буга чейин угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар практиканы жогорку деңгээлде тапшырып, бирок теориялык сынакка келгенде дайыма сынактан кулап келишкендигин белгиледи.

“Эмне себептен? Себеби, алар көзү көргөнү менен өмүр бою жаңсоо тили менен сүйлөп, окуп, билим алып келишкен. Алар бул ыкмага көнүп калашкан. Ошондуктан аларга сөзсүз түрдө жаңсоо тили менен бирөө коштоп турушу керек. Ал эми сынак учурунда, өзүңүздөр билгендей курсанттардан башка эчким киргизилбейт. Аларды эчким коштоп жүрө албайт. Ошондуктан биз угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк алуу сынагына сурдокотормо киргиздик. Эми алар, өздөрү эле сынакка кирип, сурдокотормонун жардамында ийгиликтүү тапшыра алышат. Баардык видео суроолор жаңсоо тилинде көрсөтүлөт. Эми алар мамлекеттен жөлөк пул сурабай, тескерисинче салык төлөөчүгө айланат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий