• 87
  • 90.41
  • 0.84

Исмаилова: Коронавирус жуктуруп алган 116 медкызматкердин ичинен 36сы врачтар

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктуруп алган 116 медициналык кызматкердин ичинен 36сы врачта. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча азыркы кырдаал жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер.

Аида Исмаилова илдеттин алкагында байланышта болгондордун бардык контакттарын аныктоо жана обсервацияга, же үй карантинине жайгаштыруу боюнча күчөтүлгөн иштер улантылып жатканын билдирди.

"Дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилт. Бул максатта 38,5 миллион сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүп берүү пландалууда", - дейт вице-премьер-министр.

Жолугушууда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий