• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад: Мэр облустук ооруканага 1 млн сом жана 5 тонна ун тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев бүгүн облустук клиникалык ооруканасына 1 млн сом акча каражатын жана 5 тонна ун жеткирди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жардамдар бейтапкана жамаатынын катышуусунда оорукана жетекчилигине тапшырылды.

Анда мэр өз сөзүндө ак халатчандардын эмгегине ыраазычылыгын билдирип, шаар бийлигинин камкордугу мындан ары да улантылаарын кошумчалады.

Буга чейин учурдагы кырдаалда өмүрүн тобокелге салып тынымсыз иштеп жаткан медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында, калаанын аткаруу бийлиги тарабынан сунуш көтөрүлгөн. Ал өткөн сессияда жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан колдоо таап, 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Берилген жардамдардын катарында “Нобель” компаниясынын түштүк аймагындагы өкүлчүлүгү тарабынан 100 даана медициналык коргонуучу атайын кийимдер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий