• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда 34 миң абонентке акылдуу эсептегич орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен биргелешкен долбоордун алкагында облус боюнча 34 миң абонентке акылдуу эсептегичтер орнотулду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алдыда дагы 5 миң акылдуу эсептегичтерди орнотуу күтүлүүдө , алар Түп РЭТинин кардарларына орнотулат.

Эмне үчүн алар "акылдуу" деп аталат?

Анткени бул эсептегичтер:

• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.

Эмне үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулат? Себеби алар:

• үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат;
• берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
• коррупцияны жоюуга жардам берет;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Пикир

Оставить комментарий